ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда адам укугу күнүнө карата атайын конок-лекция өтүлдү

10-декабрь күнү адам укугу күнүнө карата ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда   Кыргызстандагы адам  укуктарынын  сакталышына  арналган студенттер  үчүн  конок-лекция  болуп  өттү. Аталган  иш чарада  өлкөдөгү  адам  укугу,  сөз эркиндигинин абалы туурасында жөнөкөй,  жатык тил менен  эркин  форматта  лекия  жана  студенттер  менен   баарлашуу  болду. Лекцияны Ош облусунун прокурорунун жардамчысы М.Усубалиев жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  иштери  жана  этностор  аралык  мамилелер  боюнча Өзгөн   районундагы   өкүлү   Т.Абдразаков  окушту.

1948-жылы  10-декабрда БУУнун  Башкы ассамблеясы  адам  укугу боюнча жалпы   декларацияны   кабыл   алган.