ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда семинар болду

Бүгүн,  Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы иштердин башында турган советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 135 жылдыгына арналган илимий-теориялык семинар болуп өттү. Семинарда Өзгөн районунун сотунун төрагасы У.Ш. Шаматовдун, институттун окумуштуулары тарых илимдеринин кандидаты Г.Т.Темиралиеванын, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Н.Муратбаеванын, доцент Б.Тынай уулунун баяндамалары катышуучулардын кызыгуусун жаратты.Семинарда Иманалы Айдарбековдун саясий жана сот тармагындагы ишмердүүлүгүнө арналган видео баян да көрсөтүлдү.