ОшТУда «Жеңил өнөр жайынын технологиясы» кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган кийимдердин коллекцияларынын көргөзмөсү болду

Ош технологиялык   университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Жеңил өнөр жайынын технологиясы»   кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган кийимдердин  коллекциялары  көрсөтүлдү. Иш чарага  Технология жана жаратылышты   пайдалануу факультетинин жалпы жамааты жана студенттери катышты. Иш  чаранын  негизги максаты – студенттердин тандаган  кесибине  стимул берүү жана окууга  болгон кызыгуусун   арттыруу  болуп   саналат. Жыйынтыгында, Технология жана жаратылышты  пайдалануу  факультетинин   алдыңкы   студенттери   Ардак    грамоталар  жана  баалуу белектер менен сыйланышты. Андан соң факультеттин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган  концерттик программа тартууланды.