ОшТУда «Студенттердин чыгармачыл альянсы-2019» көргөзмөсү уюштурулду

17-18-декабрь күндөрү Ош технологиялык университетинде  Автоунаа  факультетинин  “Сызма  геометрия  жана  графикалык  дизайн”  кафедрасы тарабынан СССРдин  жана  Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун  мүчөсү   Ырысбай  Төлөновдун  чыгармачылык  эмгектеринин  жана Графикалык дизайн  адистигинде  окуган студенттердин «Студенттердин чыгармачыл альянсы-2019»  аттуу      чыгармачылык сүрөт    көргөзмөсү  өткөрүлдү.  Аталган   иш чарага   окуу   жайдын   жетекчилиги,  окутуучулары   жана   студенттери   катышышты. Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн   баардык эмгектери көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп, мыкты   чыгармачылык   менен тартылган  сүрөттөр  көрүүчүлөрдүн   купулуна толуп, ыраазычылык сөздөр айтылды. Көргөзмөнүн жыйынтыгында сүрөтчүлөрдүн   чыгармачылыгы  бааланып, 1-орунду Дизайн-1-17 тайпасы, 2-орунду Дизайн-1-16 тайпасы ал эми, 3-орунду Дизайн-1-19 тайпасы камсыз кылышып,  мыкты  сүрөтчүлөрдөн   Тобанов  Баяман,  Темирбаева  Сымбат,  Закиров  Майрамбектер  ОшТУнун ректору  пофессор Абдыкадыр  Абидов  тарабынан  акчалай   сыйлыктар   жана   дипломдор  менен  сыйланышты.