ОшТУда “Чыңгыздын чыйыр жолунда” аттуу салтанатуу иш чара өттү

Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинин “Мамлекеттик тил жана дүйнөлүк тилдер” кафедрасы тарабынан Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Чыңгыздын чыйыр жолунда” аттуу залкар жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылык ишмердигине арналган, калем устасынын туулган күнүнө карата салтанаттуу иш чара уюштурулду. Аталган иш чарага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышып, таланттуу студенттер тарабынан Айтматовдун өмүрү жана чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү, Ч. Айтматовго арналган ырларды окушуп, жазуучунун «Кызыл алма», «Кыямат», «Биринчи мугалим» өңдүү бир катар чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүү менен биргеликте чыгармаларынан монолог жана кыргыз элине тараган ырларынан аткарылып, адабий-обондук кече уюштурулду. Иш чаранын максаты студенттердин жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө билимин көбөйтүү, чыгармаларына кызыгууну жаратуу, жазуучунун кыргыз жана дүйнөлүк адабиятка кошкон чоң салымын урматтоо болуп саналат.