ОшТУда чет элдик студенттер менен жолугушуу болду

Ош технологиялык университетине 2019-2020-окуу жылында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип, окуп жаткан студенттер менен  жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга ОшТУнун сырткы байланыштар  жана өнүгүү иштери боюнча проректору,  профессор Урмат  Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин түштүк аймагындагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн консулдук бөлүм башчысы Аманбай уулу Санжарбек, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин 1-секретары (консулу) Амонов Нодирхон Алихонович жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү   маселелер   талкууланды.