ОшТУда чарба кызматкерлеринин жаңы жылдык салтанаты өткөрүлдү

Ош   технологиялык   университетинде   чарба   кызматкерлеринин  жаңы жылдык салтанаты өткөрүлдү. Жетекчилик тарабынан аларга сый тамак уюштурулуп, мыкты кызматкерлерге баалуу белектер менен  бирге ардак  грамоталар жана  акчалай  сыйлыктар тапшырылды. Жаңы   жылдык  кечеде  ОшТУнун  маданий  эстетикалык  борбору  тарабынан даярдалган   кызыктуу оюн-зооктор,  ыр, бийлер  жана  концерттик  программалар  менен  коштолуп,  жагымдуу  маанай   тартууланды.