ОшТУда Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналган жарманке өттү

Ош  технологиялык университетинин «ENACTUS» командасы  тарабынан Чынгыз Айтматовдун  жаркын элесине арналган  жарманке уюштурулду. Аталган иш чарага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышышты. Жарманкеде студенттердин колунан жасалган даамдар, жер-жемиш, мөмө жемиштер арзан баада сатыкка коюлду.  Сатыктан түшкөн каражат    «ENACTUS»   командасынын   бизнес-проектисине   жумшалмакчы.