ОшТУда «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү

Ош технологиялык университетинде факультеттер  аралык интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш  чара “Интеллект” өнүктүрүү борборунун   координатору   э.и.к., доц. Сайпидин Умаров баштаган активдүү  жаштар  тарабынан окуу жайдын  студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын интеллектуалдык оюн аркылуу айкалыштырып студенттерге жеткирүү. Студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүү максатында уюштурулуп,    студенттер   жобого ылайык командалык курам менен  жалпысынан  8 команда   катышты.

Оюндун   жыйынтыгында   жеңүүчүлөргө   диплом  жана  акчалай  сыйлыктар  тапшырылды:

1-орун 3000сом   «Лидерлер академиясы» – факультеттердин  курама командасы

2-орун 2000сом «Айкөл» командасы  – Архитектура жана курулуш факультети

3-орун 1000сом  «Билимге умтулган   жаштар»  командасы – Энергетика факультети