ОшТУ «Кайрымдуу бол!» акциясын уюштурду

Ош технологиялык   университетинде  3-декабрь – Эл аралык  майыптар күнүнө  карата жыл сайын өтүүчү «Кайрымдуу бол!» акциясы болуп өттү. Иш чара Ош технологиялык университетинин Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, акцияга окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Акциянын расмий бөлүгү аяктаган соң, Ош шаарындагы  №12-мектебинин таланттуу балдары тарабынан концерттик программа тартууланды. Концерттик программада балдар өздөрүнүн таланттарын   көрсөтүп,   көрүүчүлөргө  майрамдык  маанай  тартуулашты. Иш чаранын соңунда №12-мектебинин балдарына сый тамак берилип, чогулган каражат  Ош шаарындагы  №12-мектебине берилди.