Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Т.Тагаевдин “Жылдыздар түнөйт тоолордо” драмасынын бет ачары болду

Бүгүн, Адабият күнүн утурлап Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда студенттер тарабынан ата-энелер комитетинин төрагасы, акын жана эмгек ардагери Тургунбай Тагаевдин авторлугундагы “Жылдыздар түнөйт тоолордо” аттуу драмасынын бет ачары болду. Бул чыгарма эне тилибиздин назиктигин, сулуулугун, улуулугун айгинелеп, ой туюмдарынын ажарын ачып турган чыгарма. Аталган иш чарага ата-энелер, акын-жазуучулар жана студенттер катышышты. Студенттер “Жылдыздар түнөйт тоолордо” драмасын жогорку деңгээлде аткарышты.