Өзгөндө Алымбек Датканын 220 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык  жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу иштери  жана этностор аралык  мамилелер  боюнча  Өзгөн   райондук  өкүлчүлүгү  менен  биргеликте XIX кылымдагы көрүнүктүү  мамлекеттик жана  саясий  ишмер Алымбек  Датка  Асан бий уулунун 220 жылдыгына арналган илимий-теориялык конференция болуп өттү. Илимий иш чарада илимпоз окутуучулар  тарабынан   мыкты   баяндамалар  жасалды.