“Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин 1-курстардын “Тушоо кесүү” аземи болуп өттү.

2019-жылдын 19-ноябрь күнү  “Технология жана жаратылышты пайдалануу”  факультетинин 1-курстары үчүн «Тушоо кесүү» кечеси  факультеттер аралык биринчи курстардын ортосунда өткөрүлгөн спартакиадада  2-орунду алган студенттерди сыйлоо кечеси болуп өттү. Иш чарага факультеттин деканы Жорокулов Дүйшөн Абдиматович_катышып, студенттерди майрамы менен куттуктап, сыйлуу баракчалар тапшырылды.

“Тушоо кесүү” аземи чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерт менен улантылды.