СПИДге жол жок!

Бүгүн Ош технологиялык университетинде «1-декабрь  СПИДге каршы күрөшүү» күнүнө карата  ОшТУнун  Технология жана жаратылышты пайдалануу  факультетинин аялдар кеңешинин төрайымы  Н.С. Абдыкалыкова жана  кыздар кеңешинин төрайымы   А.Токторова тарабынан уюштурулган  «Көрүнбөгөн көз жаштар! » аттуу  талкуу  болуп өттү. Иш чарага Оштогу областтар аралык  тери-венерологиялык диспансеринин  директору Шарипова Майрамкан Амирбековна,  Ош областык кургак учукка каршы борборунун акушер-гинекологу Шамурзаева Жанара Сталкановна, Ош областык  СПИД борборунун  врач эпидемиологу  Бурканов Адилет Адылбековичтер келишип өздөрүнүн ой пикирлерин билдиришти.