ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда профессор Б.А.Токторалиев студенттерге конок-лекция өттү.

Бүгүн,  ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда академик, биология илимдеринин доктору, профессор Б.А.Токторалиев студенттерге лекция (конок-лекция) өттү. Сабак кызыктуу жана эркин форматта өттү.

2019-2020-жылдан баштап бардык окуу жайларда 2-курстун студенттери экологиянын негиздери сабагынан мамлекеттик аттестациялык сынактан өтүшөт.