ОшТУда «Түшүм майрамы» болуп өттү

2019-жылдын 28-ноябрында ОшТУнун Америкалык маалымат-ресурстук борборунда  «Түшүм майрамы» болуп өттү. Бул майрам негизинен  Америка кошмо штаттарында  расмий түрдө  майрамдалып келет. Майрамдык кече  окуу  жайдын мектеп-лицейинин 9-классынын  окуучулары тарабынан  өткөрүлүп, ага ОшТУнун сырткы байланыштар  жана  өнүгүү  иштери боюнча проректору, профессор Урмат Аттокуров,  Тилдерди   даярдоо   жана  эл  аралык билим  берүү  программалар институтунун директору,  профессор  Мурзабек  Сагыналиев,  ОшТУнун  мектеп-лицейинин директору Заирбек   Абдырахманов  жана  окутуучулар  катышышты.