ОшТУда Ош шаардык юстиция башкармалыгы тарабынан «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» семинар өткөрүлдү.

Ош технологиялык университетинин  “Коомдук илимдер” кафедрасы тарабынан «Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамын жүзөгө ашырууну түшүндүрүү, ошондой эле укуктук маалыматтардын электрондук базасы боюнча жана жарандарга акысыз юридикалык кеп-кеӊеш берүү тууралуу  семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө мамлекет кепилденген юридикалык жардам берүү тартибине жана шарттарына тиешелүү маселелер талкууланды.  Аталган иш чара МКЮЖ жаатында укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө багытында өттү.

Иш чаранын аягында катышуучуларга МКЮЖ боюнча буклеттер жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы боюнча плакаттар таратылды.