ОшТУда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга курстардын ачылыш аземи болду.

Бүгүн, 11-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга маалымат технологиялары боюнча кыска мөөнөттөгү курстардын ачылыш аземи болуп, ага Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, Ош шаардык мэриянын социалдык өнүктүрүү секторунун жетекчилиги , окуу жайдын жетекчилиги жана студенттери катышышты. Бул окуу борбору JIZ Эл аралык уюмунун жардамы менен ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдо толук кандуу мүчө болууга жана жумуш менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк берүү максатында ачылды. Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эч тоскоолдуксуз Ош технологиялык университетинде аталган курстардан өтүүсүнө мүмкүнчүлүк бар.