ОшТУда «Кыз адеби кымбат» кароо-сынагы болуп өттү

Бүгүн Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинин “Кийимдердин технологиясы жана дизайны” кафедрасы тарабынан «Кыз адеби кымбат» кароо-сынагы уюштурулду. Сынакка “КМТШИ” жана “Дизайн” адистиктериндеги студенттерден куралган  «Асылзат» жана  « Elegant»  командалары күч сынашышып, кыргыздын улуттук тамак-аштары, кол өнөрчүлүгү жана мода көрсөтүштү. Бүгүнкү ыр-бий менен коштолгон сынакта  ар бир команда  өз өнөрлөрүн көрсөтүп,  көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Сынактын аягында жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер  тапшырылды.