ОшТУда «Кош жылдыз» сынагы болду

21-ноябрь Ош технологиялык университети тарабынан  «Кош жылдыз» сынагы өткөрүлдү. ОшТУнун жатаканасынын студенттеринен түзүлгөн 6 команда катышып,  концерттик программанын коштоосунда өттү. Жыйынтыгында подъезддер аралык сынакта 1-орунду Эрмеков  Эламан жана  Туранбаева Айнуска, 2-орунду Бекназар уулу Азиз жана Ырыскулова Гүлзат  ал эми, 3-орунду Нарбаев Темир жана Абсамат кызы Назбийке ээледи.
Жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу  сыйлыктар менен сыйланышты. Аталган иш чаранын максаты – жаштардын маданий эс алуусун жакшыртуу,  мекенди  сүйүүгө чакыруу жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат.