ОшТУда интеллектуалдык оюну өттү.

Ош технологиялык университетинде тайпалар аралык  интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш чара Табигый техникалык  факультетинин  активисттери тарабынан студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү жана логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп, студенттер жобого ылайык командалык курам менен жалпысынан 8 команда катышышып, 1-орунду ПМИ-19 тайпасынын «Билим» командасы,  2-орунду ПИ-17 тайпасынын «Ынтымак» командасы ал эми 3-орунду ИО-16 тайпасынын  «Сеньорита» командалары   багындырышып, уюштуруу тобу тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты.