ОшТУда факультеттер аралык биринчи курстардын ортосунда XIХ – спартакиада болуп өттү.

Ош технологиялык университетинде  факультеттер аралык биринчи курстардын  ортосунда   XIХ – спартакиада  болуп, ага  окуу  жайдын       бардык факультеттеринин командалары катышышты.
Иш чаранын негизги максаты жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык универсиадага,  окуу  жайдын  курама командасын  тандоо  болуп  эсептелет.
Аталган иш чара спорттун улуттук жана классикалык тогуз түрүнөн өткөрүлүп,  жалпы  спорттун 11 түрүнөн  өтүп, ар бир түрүнөн мыкты спортчу студенттер күч сынашышты. Жыйынтыгында, Архитектура жана курулуш факультети 1-орунду, Технология жана жаратылышты пайдалануу  факультети 2-орунду жана Экономика жана башкаруу факультети 3-орунду камсыздап, байгелүү орундарга ээ болгон командаларга университеттин жетекчилиги жана “Намыс” спорт клубу тарабынан баалуу белектер, кубок жана  дипломдор ыйгарылды.