ОшТУда “Бош жумуш орундары жарманкеси -2019” жана бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын колдоосунда, Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Ош технологиялык университети 2019-жылдын 14-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргызстан театрында  бүтүрүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн “Бош жумуш орундары жарманкеси -2019” өткөрүлдү.

Жарманкенин алкагында Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрүнө “Диплом тапшыруу аземи” өткөрүлүп,  бүтүрүүчүлөргө башкы өнөктөштөр Түштүк Кыргыз Цемент заводу жана Кыргызстан коммерциялык банкы мекемелери тарабынан жумушка орношуу жана практикадан өтүү боюнча жолугушуулар уюштурулду.

Аталган иш чара жыл сайын салтка айланып, бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнүнүн алкагында өткөрүлөт. Иш чаранын жүрүшүндө ОшТУнун факультеттер аралык Тамашоу (ШТК) таймашы орун алып, биринчи орунду «Exclusive» командасы, экинчи орунду «Узбегим яшлари»  командасы, ал эми үчүнчү орунду «Жебе» командасы алып,  салтанаттуу иш чара жыйынтыкталды.