ОшТУда “Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо” күнүнө карата атайын лекция өтүлдү

“Бүткүл дүйнөлүк акча сактоо” күнүнүн урматына карата ОшТУнун Экономика жана башкаруу факультетинин “Экономика жана финансы” кафедрасында жаш финансисттер жана банкирлерге “Бай-Тушум” банкынын кызматкерлеринин катышуусунда конок-лекция окулду. Бул иш чара КРнын өкмөтүнүн жана КРУБдун финансылык сабаттуулукту жоюу программасынын алкагында окууну практика менен айкалыштыруу максатында өткөзүлдү. Мындай иш чараларды өткөрүү кафедранын негизги миссияларынын бири болмокчу.