ОшТУда Азия өнүктүрүү банкы транспорттук сектор боюнча семинар өттү.

Ош технологиялык университетинин Автоунаа  факультети тарабынан транспорттук сектор боюнча 3 күндүк семинар  өттү. Аталган семинар “2019-жыл – региондорду жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында  студенттердин  карьералык өнүүгүсүнө жана эл аралык долбоорлорго катышуусуна  мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен биргеликте мамлекеттин жол  транспорту боюнча  көйгөйлөрдү чечүү  максатында  уюштурулуп,  ага окуу жайдын жамааты, Дүйнөлүк Азия өнүктүрүү банкынын  директору Кэндис Мак Дэйган, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Льюис-Воркман, Мирдин Ешаналиев, Ош шаарынын мэриясынын транспортторду көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Ош областынын жол коопсуздугунун башкармалыгынын,  Ош шаардык жол коопсуздугунун башкармалыгынын, Ош облустук жол коопсуздугун уюштуруу мекемеси, Ош шаардык муниципиалдык транспортунун инспекциясынын, Ош облустук жол куруу мекемлеринин өкүлдөрү, Ош шаардык маалымат өкүлдөрү  жана  Баткен мамлекеттик университетинин, Жалал–Абад мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин  студенттери катышышты. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар, акчалай сыйлыктар  жана  баалуу белектер тапшырылды.