ОшТУда акыл ордо таймашы өттү

Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинде адистиктер аралык   «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну  болуп өттү. Сынак студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү жана логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп,  жалпысынынан  7  команда катышып, 1-орунду «Шамдагай» командасы,  2-орунду «Айкөл» командасы,    3-орунду «Казына» командалары камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө  грамоталар  жана баалуу белектер тапшырылды.