ОшТУ «Мен таза шаар үчүн! » кайрымдуулук акциясын уюштурду.

Ош технологиялык университетинин Интеллект өнүктүрүү борбору  «Мен таза шаар үчүн! » кайрымдуулук акциясын  уюштурушту.  Бул борбордун координатору э.и.к.,доц. Сайпидин   Умаров  баштаган активдүү жаштар бүгүн таң эрте көчөгө чыгып, Ош-Тазалык ишканасынын жумушчуларына жардам беришип, шыпыруучуларга ысык чай, кофе жана тамак-аш берип, көңүлүн көтөрүштү. Ошондой эле, апалардын колунан шыпыргыларын алып, шыпырып, тазалоо жумуштарына кол кабыш кылышты.