Ош технологиялык университетинде “Билерман студенттер” интеллектуалдык оюну болуп өттү

Ош технологиялык университетинде  факультеттер аралык  “Билерман студенттер” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Аталган иш чара окуу жайдын Табигый техникалык  факультети  тарабынан  ОшТУнун тарыхын, басып өткөн жолун  студенттер менен биргеликте талкулоо. Студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү максатында уюштурулуп,  интеллектуалдык оюн 4 турдан өтүп, 9 команда катышты. Жыйынтыгында, 1-орунду «Сабыр» командасы, 2-орунду «Багыт» командасы, 3-орунду «Айкөл» командалары   багындырышып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана  акчалай   сыйлыктар  менен  сыйланышты.