Илимий-изилдөө иштеринде кызматташат.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы  Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда тамеки өндүрүү боюнча Испаниянын Paper Makers and Traders компаниясынын директору Tariq Al-Juburi жетектеген делегация келип, окуу жайдын тамеки боюнча илимий-изилдөө иштери менен таанышып чыгышты жана студенттерге тамекинин дүйнө жүзүндөгү жаңы сорттору жана никотини аз өлчөмдөгү Кыргызстанда өндүрүүгө пландалып жаткан сорттор туурасында эркин формада конок-лекция өттү. Окуу жай мындан нары бул компания менен илимий-изилдөө иштеринде кызматташат.

Кыргызстанда бир гана Эл аралык Өзгөн институтунда профессор Э.А.Смаилов жетектеген тамекиден жана анын таштандыларынан фармацевтик заттарды өндүрүү боюнча актуалдуу чоң илимий мектеп иштеп жатат. Бул илимий мектеп 1980-жылдан бери иш алып барат.