“БОШ ЖУМУШ ОРУНДАРЫ ЖАРМАНКЕСИ-2019”

Ош шаардык мэриясынын колдоосунда, Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Ош технологиялык университети 2019-жылдын 14-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргызстан кинотеатрынын базасында жалпы бүтүрүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн “Бош жумуш орундары жарманкеси -2019” өткөрөт.

Жарманкенин алкагында Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрүнө “Диплом тапшыруу аземи” өткөрүлөт. Бүтүрүүчүлөргө башкы өнөктөштөр Түштүк Кыргыз Цемент заводу жана Кыргызстан коммерциялык банкы мекемелери тарабынан жумушка орношуу жана практикадан өтүү боюнча жолугушуулар уюштурулат.

Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жумуш издеген жарандар үчүн Ош шаарындагы, райондордогу, Бишкек шаарындагы жана чет өлкөдөгү мекеме-ишканалардагы 1500гө жакын бош жумуш орундары сунушталат.

Кызыккан суроолор боюнча байланыш телефондору: (03222) 2-55-65, (03222) 4-33-90