ОшТУнун студенттери Наманган шаарынан байгелүү орундар менен кайтышты.

25-29-октябрь күндөрү Өзбекстан республикасынын Наманган шаарында Эл аралык стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлүп, мелдешке Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан келген командалар ойношту. Бул спорттук мелдешке Ош технологиялык университетинин стол теннисинин курама командасы катышышып, жыйынтыгында Исмаилова Роза кыздар ортосундагы мелдеште 3-орунду, Гафуров Хикматилла балдар ортосундагы мелдеште 3-орунду камсыз кылып келишти.