ОшТУда кесипке багыттоо боюнча атайын лекция өтүлдү.

Ош технологиялык университетинде кесипке багыттоо жана санариптештирүү жылынын алкагында   Манас Эл аралык аэропортунун  Ош филиалынын информациялык технологиялар жана байланыш  бөлүмүнүн    башчысы   Мамытов Толкунбек  келип, студенттерге  аба мейкиндигиндеги   автоматташтыруу   багытында   лекция  өтүп  берди. Аталган  лекцияга  Информатика   программалоо  жана   байланыш   багытындагы  студенттер жана окутуучулар катышышты. Лекциянын негизги максаты – студенттердин  окууга  болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет.