ОшТУда «Финансылык сабаттуулук» борборунун ачылыш аземи болду.

Бүгүн, 23-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде «Финансылык сабаттуулук» борборунун ачылыш аземи болуп, ага Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, Кыргыз республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, JIZ Эл аралык уюму, Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы, Ош шаарындагы ишкерлерди колдоо Борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Ош облусу боюнча интеграциялоо өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин, Ош Мамлекеттик университетинин окутуучулары жана Ош технологиялык университетинин Финансылык сабаттуулук борборунун координаторлору катышышты. Бул окуу борбору жергиликтуу калктын жана студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында ачылды.