ОшТУда адистиктер аралык «ШТК» таймашы өткөрүлдү.

Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинде адистиктер аралык «ШТК» таймашы өткөрүлдү. Оюнга жалпысынан 6 команда катышышып, сынакта таланттуу жана аткаруу чеберчилиги мыкты студенттер жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш чаранын негизги максаты – студенттердин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, сергек жана активдүү жашоого үндөө менен биргеликте жаштардын достук мамилесин чыңдоо болуп саналат.