ОшТУ Түштүк Кыргыз цемент (ЮКЦ) заводу менен жолугушуу өткөрдү.

Ош технологиялык университетине Түштүк Кыргыз цемент (ЮКЦ) заводунун аткаруучу директору Денис Олейников баштаган Гулнара Нурматова, Нуржамал Ганыевалар келишип, Ош технологиялык университетинин ректору профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуу болуп, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Окуу жайдын окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу болуп, окуу жайдын студенттерин практакаларга, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мындан ары окуу жай аталган завод менен тыгыз иш алып барып, илимий-изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүшмөкчү.