ОшТУ: Ош Технологиялык колледжинде ата – энелер менен жолугушуу болуп өттү.

Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинин “Кийимдердин технологиясы жана дизайны” кафедрасынын “КМТШИ” жана “Дизайн” адистиктериндеги студенттердин ата – энелери менен жолугушуу болуп өттү. Иш чарада студенттердин окуу – тарбиялык абалы жөнүндө кененирээк маалыматтар берилди жана студенттер тарабынан даярдалган кийимдер көргөзмөсү менен биргеликте концерттик программа көрсөтүлүп, жолугушуунун аягында окуу жайга экскурсия уюштурулду.
Иш чаранын негизги максаты – окуу процессин жакшыртуу жана ата – энелер менен болгон байланышты чыңдоо болуп саналат.