Ош технологиялык университетине Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги келди.

2019-жылдын 27- сентябрь күнү Ош технологиялык университетине Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин 1-секретары Ким Ги Хен жумушчу сапары менен келди. Жумушчу сапардын алкагында Ош технологиялык университетинин ректору профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, Туштук Кореянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуунун жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары Ош технологиялык университети аталган өлкөнүн окуу жайлары менен терең кызматташмакчы. Азыркы учурда окуу жай Түштүк Кореянын 5 окуу жайы менен келишимдерди түзүп, студенттер жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусу уланууда.