Ош технологиялык университетине Кузбасс мамлекеттик техникалык университетинин студенттери келишти.

Ош  технологиялык  университетине   академиялык  мобилдүүлүктөр  боюнча  университеттер аралык  түзүлгөн  келишимдин  негизинде  Кузбасс  мамлекеттик  техникалык  университетинен  2 студент  билим  алуу үчүн  келишти. Келген  студенттерди  окуу  жайдын  жетекчилери  тосуп  алып,  аларга  Ош  технологиялык  университети тууралуу кенен  маалымат  беришип, тааныштырышты.  Аталган студенттер окуу жайда бир семестр билим алышып, тажрыйба алышмакчы.