Ош технологиялык университетинде Мугалимдердин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленди.

3-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттери катышышты. Майрамдык  иш-чара Ош технологиялык университетинин  ректору проффесор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталды.  «Урматтуу мугалимдер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Мугалимдин жумушу оор жана өтө жоопкерчиликтүү . Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке өтө чоң салым кошуп жатасыздар. Сиздерге узун өмүр, чын ден-соолук, иштериңиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз, үй-бүлөңүздөрдө ар дайым бакыттын шамы өкүм сүрүп турсун.» -деди.
Салтанаттын жүрүшүндө сыйлоо аземи болуп, билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен 3 мугалим, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен 4 мугалим, Окуу жайдын билим берүү тармагына жана татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн Ош технологиялык университетинин  ректору проффесор Абдыкадыр Абидовдун Ардак грамотасы менен 15 мугалим сыйланышып, 8 мугалимге алкыш жарыяланды. Сыйлоо аземи Ош технологиялык университетинин  маданий  эстетикалык борборунун таланттуу студенттери, «Оригинал» курама командасы жана белгилүү эстрада ырчылары тарабынан концерттик программа коштолуп, мугалимдерге майрамдык маанай тартууланды.