Арзиев Жоромамат Арзиевичтин 70 жылдык мааракеси белгиленди.

11-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде Техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИА А.С. Жаманбаев атындагы жаратылыш байлыктары институтунун (ЖБИ) директору Арзиев Жоромамат Арзиевичтин 70 жылдык мааракесине арналган Эл аралык илимий конференция болуп өттү. Иш чарага Өзбекстан, Казахстан республикасынан жана өлкөбүздүн илимпоздору катышышты. Майрамдыкдык иш чара Ош технологиялык университетинин ректору проффесор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, келген коноктор куттуктоолорун айтышты.
Аталган илимий конференция 118 макалалар менен 5 секцияда иш алып барып, баяндамалар жасалды. Жыйынтыгында мыкты деген илимий макалалардын авторлоруна ардак грамоталар, сертификаттар жана баалуу белектер ыйгарылды.