Спорт – ден-соолуктун булагы, ийгилиги – ынтымактын башаты.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында 2019-жылдын 4-12-сентябрь күндөрү XIII Ысык-Көл спорттук оюндары өткөрүлдү. Аталган иш-чара “Азия-байланыш жана тынчтыктын аймагы” деген ураан менен уюштурулуп, бул оюнга Кыргызстан, Монголия, Оруcия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстандан келген командалар ойношту.
Бул спорттук мелдешке Ош технологиялык университетинин спортчусу Исмаилова Роза стол тенниси катышып, жыйынтыгында 2-орунду камсыз кылды. Бул биз үчүн өтө чоң сыймык – деп билдирди Дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу, стол теннисинин машыктыруучусу Акыл Каримов.