ОшТУга Түштүк Кореядан волонтерлор келишти.

Ош технологиялык университетине Түштүк Кореянын  Сеул  шаарындагы Суншил  университетинен  ыктыярчылар Шин  Ын  Же(Укук таануу факультети) жана Юн Хи Жун (Жаңыча системалык программалык камсыздоо факультети) келишти. Алар ушул жылдын декабрь айына чейин,  Ош технологиялык университетинде 4 ай бою волонтердук иштерин  жүргүзүшмөкчү.Шин Ын Же ОшТУда корей тилин үйрөнүп жаткан студенттерге жана мектеп окуучуларына корей тилинен сабак бермекчи. Корей тил борборунда 200дөй студент тил үйрөнүшөт. Ал эми Юн Хи Жун ОшТУнун Кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинде компьютердик программалар (python, raspberrg pi, IoT (internet of Things)) боюнча сабак бермекчи.

Ыктыярчылар Ош технологиялык университети менен Суншил  университетинин ортосундагы 2018-жылы түзүлгөн 5 жылдык  “MOU”келишиминин негизинде келишти. Волонтерлордун негизги максаты – эки тараптын  ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.