ОшТУда “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун интеграциалдуу өнүгүүсү” ПРООН программасынын алкагында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Кыргыз республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, JIZ Эл аралык уюмунун, Хелветас, микрофинансылык уюмдардын ассоциациясыларынын, Ош шаарындагы ишкерлерди колдоо Борбору, Ош облусунун интеграциалдуу өнүктүрүүнүн алкагындагы пилоттук айыл-аймактык өкүлчүлүктөрү жана Ош технологиялык университетинин “Финансылык сабаттуулук” борборунун өкүлдөрү катышышты.
Иш- чаранын негизги максаты – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу системасын кийирүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен тиешелүү финансылык институттардын өз ара аракеттешүүсүн күчөтүүнүн иш-аракеттерин координациялоо жана Ош технологиялык университетинин финансылык сабаттуулук борборунун бул багыттагы ишин активдештирүү болуп саналат.