ОшТУда “Encounter” оюну өттү.

Ош технологиялык университетинде 1-курстар аралык “Encounter” интеллектуалдык мелдеши болуп өттү. Иш-чара ОшТУнун Жаштар комитети тарабынан студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү жана логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгусун арттыруу максатында уюштурулду. Студенттер жобого ылайык командалык курам менен жалпысынан 12 команда катышып, 1-орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети,  2-орунду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультети ал эми 3-орунду Экономика жана башкаруу факультети багындырып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.