ОшТУда чет элдик студенттер менен жолугушуу болду.

Ош технологиялык университетине 2019-2020-окуу жылында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип, окуп жаткан студенттер менен кеңейтилген тийешелүү органдар менен жолугушуу болду. Бул жолугушууга ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов, окуу жайдын структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери, Ош шаардык ички иштер министрлигинин аймактык тескөөчүсү Акунов Аскат, Ош шаардык Калкты каттоо кызматынын бөлүмүнүн кызматкери Матраимова жана Ош облусунун чек ара көзөмөл өткөрүүчү жайдын жетекчиси Аланов Талгаттар катышышты.
ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидов – чет өлкөдөн келген студенттерге окуу жайдагы түзүлгөн шарттары, андагы мүмкүнчүлүктөргө кеңири токтолуп, чет элдик студенттер менен болгон баардык маселелерге биринчи кезекте көңүл буруларын баса белгиледи.
Мындан тышкары чакырылган тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү, чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстан мамлекетинин мыйзамдары жана тартиптери тууралуу кенен токтолушуп, маалыматтарды беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштар айтылып, тийиштүү органдар айтылган маселелерди карап чечип берилери айтылды.