ОшТУ: “Түштук Кыргыз цемент” заводу менен Ош технологиялык университетинин ортосунда келишим түзүлдү.

Ош технологиялык университети менен Түштук Кыргыз цемент заводунун ортосунда кызматташуу тууралуу эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Келишимге ылайык мындан ары окуу жайдын студенттерин практакаларга, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү. Ошондой эле завод кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында окуу жайдын окутуучуларын семинар, тренинг өтүп берүүсү күтүлүүдө.