ОшТУ: Келечек жаштарына камкордук – келечек үчүн инвестиция!

2019-жылдын сентябрь айынан баштап Ош технологиялык университетинин мектеп-лицейинин окуучуларына түштөнүүгө ысык тамак-аштар уюштурулуп берилүүдө. Бул демилгени мектеп-лицей окутуучулар жамааты көтөрүшүп, окуу жайдын жетекчилиги жана ата-энелердин колдоосу менен уюштурулуп жатат. Бүгүнкү күндө Мектеп-лицейде 70 тен окуучулар 8-9-10-11-класстарда билим алышат. Алыскы райондордон келишкен окуучулары жатакана менен камсыз болушкан. Жакынкы күндөрү жатаканада жашаган лицейдин окуучулары үчүн кечки тамак-аш уюштурууну пландалып жатат.
Бул иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын сабакка болгон ынтызарлыгын жогорулатуу жана ден соолугуна кам көрүү. Билим үчүн – азык керек, бир маал ысык тамактанган окуучулар сабакка жакшы көңүл буруп, жетишүүсү үч-төрт эсе жогорулайт. Мындайда акча дагы үнөмдөлүп, балдардын дени сак, акылы тунук болоору анык.