Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Бүгүн 23- сентябрь Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата Технологиялык колледжде майрамдык иш-чара уюштурулду.
«Арыбай кылымдарды багынта бер, Ардагым ата мурас кыргыз тилим» аттуу эне тил жумалыгынын мыкты катышуучуларына грамота жана баалуу белектер ыйгарылды. Иш- чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, сахналык көрүнүш, эне тил жөнүндө көркөм ырларды окуу жана манас айтуу, элдик ырлар, бийлер студенттер тарабынан жогорку деңгээлде аткарылды.