Ош технологиялык университетинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Бүгүн 23- сентябрь Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата Ош технологиялык университетинде майрамдык иш-чара уюштурулуп, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.Салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. Иш – чарада эне тил жөнүндө көркөм ырларды окуу жана манас айтуу, элдик ырлар, бийлер, күүлөр студенттер тарабынан даярдалып, жогорку дээңгелде аткарылды.