Ош технологиялык университети Россия Федерациясынын ЖОЖдору менен кызматташуусун улантууда!!!

Ош технологиялык университети Россиянын ЖОЖдору менен кош дипломдуулук программасын түзүүнү улантууда. Бүгүн Кузбасс мамлекеттик техникалык университетинин проректору Синицьна Ольга Васильевна кош дипломдуулук программасын түзүү максатында атайын иш сапары менен Ош технологиялык университетине келди. Ольга айым алгач ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Омаровичтин кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Мындан сырткары университеттин сырткы байланыштар жана онугуу боюнча проректору Аттокуров Урмат Тологонович менен жолугушуп, студенттерди кош дипломдуу кылуу маселесин талкуулашты.